28

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына келди

Беларусь Республикасы, Минск шаары, 28-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына келди. «Минск» улуттук аэропортунда Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевди Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. 

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилди. Расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. 

Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. Ошондой эле сапардын алкагында МинКаб башчысы бир катар объектилерге барат. 

Мындан тышкары, 29-30-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышып, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.