28
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду
Беларусь Республикасы, Минск шаары, 28-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду.
Министрлер Кабинетинин башчысын Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев, ошондой эле Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Алар Түбөлүк отко гүл коюшту. Жеңиш монументи 1954-жылы Жеңиш аянтынын борборуна Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болгон Советтик армиянын жоокерлеринин жана беларусь партизандарынын урматына орнотулган.