28
Сентябрь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду
Беларусь Республикасы, Минск шаары, 28-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.
Аземден кийин Министрлер кабинетинин башчысы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашты. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет.
Жумаш Асаналиевдин эстелиги 2005-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен орнотулган. Жумаш Асаналиев (1923-жылдын 10-майы — 1944-жылдын 25-июну) — 1-Прибалтика фронтунун 6-гвардиялык армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулемётчусу. 1944-жылы 25-июнда Витебск облусунда баатырдык көрсөткөн. Минск шаарында анын ысымы көчөгө жана орто мектепке ыйгарылган.