29
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү
Минск шаары, Беларусь Өкмөтүнүн Үйү, 29-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Беларусь Республикасына расмий сапар менен келди. Мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өкмөт башчылары бири-бири менен учурашып, тууга урмат көрсөтүшүп, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Премьер-министр Александр Турчин расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Саламдашуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары кыргыз-беларус сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Өкмөт Үйүнүн имаратына киришти.