29
Сентябрь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты
Беларусь Республикасы, Минск, 2025-жылдын 29-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты.
Жолугушуунун алдында делегация башчылары үчүн сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, быйыл КМШга мүчө мамлекеттер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатышат. Жыл бою бир катар эскерүү кечелери жана салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде маанилүү билдирүүлөр кабыл алынды, муну менен анын тарыхый маанисине карата бирдиктүү жана өзгөрүүсүз пикир тастыкталды.
МинКаб Төрагасы өз сөзүндө КМШ алкагындагы кызматташтыкты ырааттуу өнүгүү болуп жатканын белгиледи. Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы көлөмү дүйнөлүк ИДПнын 4,4% түздү, ал эми 2025-жылдын биринчи жарымында өз ара сооданын көлөмү 7 миллиард долларга жетти.
“2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2,73 млрд долларды, анын ичинде экспорт 602,1 млн долларды жана импорт 2132,6 млн долларын түздү. Албетте, бул көрсөткүчтөр Шериктештикте активдүү өнүгүү, ишкердик жигердүүлүктү арттыруу жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикти калыптандыруу боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүү баскычында экенин ачык-айкын көрсөтүп турат”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнү колдой турганын, анын ичинде: мультимодальдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү; соода жүгүртүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; биргелешкен ишканаларды түзүү; электрондук коммерцияны өнүктүрүү.
Ал КМШ алкагында кызматташуу долбоорлорун колдоого жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарынын азайышы болуп жатканда кайра жаралуучу энергия стратегиялык артыкчылыкка айланууда. Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана таза энергия булактарынан генерацияны көбөйтүү боюнча чараларды көрүп жатат.
Санариптик трансформация барган сайын маанилүү болууда.
“Бүгүн кароого сунушталган долбоорлор биздин келечектеги кызматташуубуздун стратегиялык күн тартибин түзөт. Аларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашырууга, экономикаларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жарандарыбыздын бакубаттуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасы КМШнын бардык интеграциялык демилгелерине жигердүү жана конструктивдүү катышууну жактайт жана өз ара урматтоо жана өз ара пайдалуу принциптерге негизделген көп тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого даяр”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө 15 маселе каралып, 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюлду.