30

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Минск, Эгемендүүлүк сарайы, 2025-жылдын 30-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белорус тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана сапардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык кадамдарды жасоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Беларустун эки тараптуу, ошондой эле ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу кызматташуусу белгиленди.

Александр Лукашенко эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын биргелешкен иштерди активдештирүү жана далилдүү жыйынтыктарга басым жасоо аракеттерин жогору баалады. Маектешкендер акыркы жылдарда мамилелер жаңы демге ээ болуп, бизнес жана гуманитардык байланыштар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө жана практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен кадамдарды ишке ашыруу ырасталды. Айрыкча бул сапар Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын акыркы 24 жыл ичиндеги биринчи расмий сапары болгону, жана ага өзгөчө символикалык маани берип жатканы өзүнчө белгиленди.