30

Сентябрь

2025

ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Минск, Эгемендүүлүк сарайы, 2025-жылдын 30-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушууга катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагында экономикалык жана саясий кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап чакырыктарга каршы аракеттерди координациялоо боюнча негизги маселелер талкууланды.