30

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын делегациясы менен фискалдык саясат жана социалдык коргоо маселелерин талкуулады

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 30-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жетектеген делегация менен жолукту.
 
Жолугушууда учурдагы фискалдык саясаттын бөлүштүрүүчү натыйжалары, натыйжалуулукту жогорулатуу, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо маселелери талкууланды. Дүйнөлүк банк пландоону жакшыртуу үчүн айыл аймактарынын жана райондун деңгээлиндеги иштерди жүргүзүүнүн ыкмасын сунуштады.
 
 Тараптар ошондой эле социалдык коргоо системасын чыңдоо жана калктын аялуу катмарын колдоо чаралары боюнча пикир алышты.
 
Эдил Байсалов Дүйнөлүк банкка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, ал эми Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы оң экономикалык көрсөткүчтөрдү жана мындан аркы  кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умтуларын ырасташты.