30

Сентябрь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Минск, 2025-жылдын 30-сентябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

"Биздин Биримдик – бул жөн гана юридикалык документтер, институттар жана механизмдер эмес. Баарынан мурда бул жалпы тарыхка жана келечекке умтулууга негизделген ишенимдин жана тиешелүүлүктүн аянтчасы. Евразиялык интеграция жөнүндө сөз кылганда, ар кайсы убакта биздин элдерибиз жолдорду куруп, шаарларды тургузуп, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктиргенин эстейбиз. Бүгүнкү күндө биз бул мүдөөнү жаңы доор үчүн транспорт, энергетика, санарип жана соода тармактарында көпүрөлөрдү түзүү менен улантып жатабыз”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө бир катар артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, агроөнөр жай комплексине токтолду. 

“Бүгүн биз агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперативдик долбоорлорду ишке ашырууда каржылык жардам көрсөтүү механизмин иштеп чыгуунун концептуалдык ыкмаларын кеңири талкуулаганыбызды айтып баштайын. Маалым болгондой, тиешелүү демилгени Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын май айында Жогорку кеңештин жыйынында көтөргөн. Мен бул жаатта биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн финансылык жардам көрсөтүү механизмин ишке киргизүү боюнча бардык зарыл иштерди тездетүү зарыл деп эсептейм. Кыргыз Республикасы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдө төмөнкүлөрдү камтышы керек деп ишенет: Биримдиктин алкагында кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана кошумча наркты көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу; эл аралык тажрыйбаны жана инвестицияны колдонуу аркылуу сугаруу, үрөнчүлүк, органикалык айыл чарбасы боюнча заманбап технологияларды киргизүү”, - деди ал.

Өнөр жай кооперациясы да биргелешкен иштин негизги багыты болуп саналат.

МинКаб Төрагасы айрыкча өнөр жай тармагында мамлекеттер аралык программаларды иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал мындай программалар жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү жана туруктуу болууга тийиш деп билдирди. 

Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык биримдигинин алдында стратегиялык максат турат – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктире турган туруктуу жана өз ара байланышкан транспорттук системаны куруу, муну менен мамлекеттердин ички байланышын гана эмес, дүйнөлүк соодага алардын толук кандуу катышуусун камсыз кылуу экендигине токтолду.  

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, ЕАЭБ алкагындагы иштин негизги багыты тоскоолдуктарды толугу менен жоюу жана ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө карата бошотууларды жана чектөөлөрдү максималдуу кыскартуу болуп саналат. 

“Биздин Биримдик – Биримдиктин ар бир жараны Биримдикке мүчө мамлекеттерде ээн-эркин жүрүп, иштей турган, билим ала турган Биримдикке айланышы керек. Эгерде Биримдикке мүчө мамлекеттин жараны башка өлкөнүн аймагында иштесе, эреже катары, анын үй-бүлөсү да анын жанында жайгашат. Биздин Келишимибиздин преамбуласында белгиленгендей, биздин элдерибиздин ортосундагы тилектештикти жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн биз иштеп жаткан жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулушубуз керек. Ошону менен бирге улуттук мыйзамдарда эрежелерди белгилөөдө үй-бүлөлүк байланыштарды үзгүлтүккө учуратпоо жана биздин Биримдикте эмгек агымынын кыскарышына себеп болуп калбашы үчүн өтө кылдаттык менен мамиле кылуу маанилүү. Биз жарандарыбызга Биримдиктин кайсы гана өлкөсүндө болбосун ыңгайлуу жана натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек”, - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.