30

Сентябрь

2025

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду

Минск, 2025-жылдын 30-сентябры – Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. 

Тизме: 

“Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 2 чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечими; 

“Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 29-майындагы № 13 тескемесин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” тескемеси (ЕАЭБ алкагында бирдиктүү транзиттик системаны жана бажы транзитинин бирдиктүү кепилдик механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө);

“Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактарында “Чыгыш – Батыш” жана “Түндүк – Түштүк” багыттары боюнча, анын ичинде Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен координациялоонун алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү боюнча 2024-жылга отчету жөнүндө” тескемеси (анын ичинде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-июнундагы № 8 тапшырмасын ишке ашыруу жөнүндө маалымкат)”;

“Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизминин ишин баштоо жөнүндө” чечим; 

“Өнөр жай чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” чечим;

“Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө” тескеме.