02
Октябрь
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Nagoya Railroad Co., Ltd» компаниясынын башкы директору Такаси Андо менен жолугушту
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 2-октябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жапондук «Nagoya Railroad Co., Ltd» (Meitetsu Group) компаниясынын башкы директору Такаси Андо менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-жапон кызматташтыгын транспорттук-логистикалык чөйрөдө кеңейтүү, кадрларды даярдоо, ошондой эле туристтик жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан Япония менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Токиого болгон расмий сапарынын натыйжасында эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө олуттуу түрткү берилгенин баса белгиледи.
Жолугушууда «Nagoya Railroad» компаниясынын колдоосу менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Транспорттук процесстердин технологиясы» жаңы багытынын ачылышына өзгөчө көңүл бурулду. Байсаловдун айтымында, бул демилге улуттук транспорттук система үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого маанилүү салым болуп калат.
Тараптар ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордун, анын ичинде темир жолдорду куруунун, ошондой эле туристтик тармакта кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин караштырышты. Атап айтканда, мейманкана бизнесине инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Жапон тарап кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, кыргыз студенттеринин жогорку эмгекчилдигин жана биргелешкен билим берүү программаларынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз-жапон мамилелерин бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзө турган транспорт, билим берүү жана туризм тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө умтулуу тастыкталды.