02

Октябрь

2025

Министрлер Кабинети «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитти.
Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 3000 (үч миң) сом суммасында белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулду өз убагында төлөө үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын белгиленген тартипте бөлүп берүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.