03
Октябрь
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге класстык чендерди тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге «3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси» класстык ченин тапшырды.
Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик кызмат – бул коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы, элдин ишенимине татыктуу болууга умтулуу экенин баса белгиледи.
«Бул жогорку деңгээлдеги класстык чендер ар бир мамлекеттик кызматкер үчүн чоң жоопкерчилик менен коштолгон кесипкөйлүктүн, тажрыйбанын жана ак ниет эмгекке мамлекеттик баа берүүнүн таанылышы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасы – бул эл алдындагы зор жоопкерчилик. Ар бир чиновник – бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө, ал эми ар бир кабыл алынган чечим – өлкөнүн келечегине таасир этүүчү кадам», - деди Адылбек Касымалиев, класстык чендердин ээлерин бул окуя менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана эмгек ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.