03
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов легендарлуу ёкодзуна Хакухо Сё менен жолугушту
2025-жылдын 3-октябры, Бишкек шаары, «Ынтымак Ордо» – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 69-чу ёкодзуна, сумо боюнча көрүнүктүү жапон балбаны Хакухо Сё менен жолугушту.
Ал бул күрөш түрүнүн тарыхындагы эң улуу спортчулардын бири катары таанылган. Хакухо Сё расмий түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды жана оюндардын баалуулуктарын эл аралык аренада жайылтууга, Кыргызстанды популяризациялоого, ошондой эле алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик конокторду чакырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы маданий-спорттук алмашууну өнүктүрүү перспективалары, ошондой эле Кыргызстандын жаштары арасында сумону популяризациялоо жана жайылтуу маселелери талкууланды.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи. Анын айтымында, спорт өз ара түшүнүшүүнүн жана ишенимдин маанилүү куралы болуп саналат. Төраганын орун басары Хакухо Сё сыяктуу абройлуу инсандар менен кызматташуу спорттук дипломатияны чыңдоого өбөлгө түзүп, жаш муун үчүн шыктандыруучу булак болоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Хакухо Сё кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр экенин тастыктады. Ал спорт ар кайсы өлкөлөрдүн жана маданияттардын адамдарын бириктирерин белгилеп, Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө үмүт артарын билдирди.