10

Март

2026

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бишкек, 2026-жылдын 10-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланышкан жумушчу кеңешме болуп өттү. 

Жыйынга айыл чарбаны каттоого тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты, ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары видео байланыш аркылуу катышты. 

Белгилей кетсек, эл аралык стандарттарга ылайык келген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана анык маалыматтарды алуу максатында Министрлер Кабинети токтом кабыл алган. Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин жүргүзүлөт. 

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоону жүргүзүү – бул өлкөнүн агрардык тармагынын абалы жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алууга багытталган маанилүү жалпы улуттук иш-чара экенин белгиледи.

Өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдыктардын жүргүзүлүшү боюнча маалыматтар угулгандан кийин, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына өлкөнүн айыл чарбасын каттоону өткөрүүдө календардык планда көрсөтүлгөн бардык иш-чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылууну жана статистика органдарына ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү тапшырды.