18

Март

2026

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков: мал этинин баасын турукташтыруу максатында, мамлекеттик колдоо катары жеңилдетилген насыялар берилип баштайт 

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 18-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдөгү азык-түлүктөрдүн бааларына байланышкан маселелерге, өзгөчө мал этинин баасын турукташтыруу максатындагы Министрлер Кабинетинин чечимине токтолду. 

Маалым болгондой, өлкөнүн эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасына рыноктук жол менен таасир этүү максатында, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштеп баштайт. 

Ага ылайык, 2026-жыл ичинде региондук эт кластеринин субъекттерине жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. 

Долбоорду ишке ашырууга катыша турган Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бодо малды бордоп семиртүү эт кластерине кирген фермерлер менен агро ишкерлерге үстөк пайыз төмөн жеңилдетилген насыя берилет. Каржылоо мамлекеттик банктар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору тарабынан жүргүзүлөт.  

Кошумчалай кетсек, азык-түлүктөрдүн бааларынын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык аймактарында эс алуу күндөрү азык-түлүк жарменкелери уюштурулууда.