11

Апрель

2026

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйналыштарына катышат

img

Бишкек — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйналыштарына катышат. 

Сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган. 

Тараптар Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы учурдагы долбоорлор портфелинин ишке ашырылышын, ошондой эле региондун энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн негизги мааниге ээ болгон Камбарата ГЭС-1 куруу боюнча стратегиялык долбоорду илгерилетүү маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасы дүйнөлүк алдыңкы технологиялык корпорациялардын, анын ичинде Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Сүйлөшүүлөр мамлекеттик башкарууга алдыңкы чечимдерди киргизүүгө, жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жана өлкөдө заманбап маалыматтык технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө арналат. Анын сапарынын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын Администрациясы менен эки тараптуу консультациялар өткөрүлөт.