18
Апрель
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вашингтон шаарына (АКШ) болгон жумуш сапары аяктады
Бишкек, Кыргызстан, 2026-жылдын 18-апрели – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарын аяктады. Сапардын алкагында делегация Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын жазгы жыйындарына катышты, ошондой эле АКШнын мамлекеттик органдарынын, эл аралык каржы институттарынын жана трансулуттук корпорацияларынын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Сапардын жүрүшүндө негизги жолугушуулардын бири АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөр болду. Тараптар эки тараптуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашты.
Жолугушууда банк, жарандык авиация, геология жана маалымат технологиялары боюнча кызматташуу талкууланды. Санкцияларга жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Дүйнөлүк банктын (Анна Бьерде, Антонелла Бассани жана Абебе Адугнай) жана Азия өнүктүрүү банкынын (Масато Канда) жетекчилиги менен болгон жолугушууларда Кыргызстандын өнүгүүсүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү сунушталды. Белгиленгендей, 2025-жылдын аягына карата өлкөнүн реалдуу ИДПсынын өсүү темпи 11,5% түзүп, ЭВФтин маалыматы боюнча өлкө экономикасы эң тез өнүгүп жаткан үч өлкөнүн катарына кирди.
Финансы тармагындагы негизги макулдашуулар:
• Энергетика: Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун мындан аркы кадамдары макулдашылды жана бул стратегиялык аймактык объектти колдоого мекемелердин даярдыгы ырасталды.
• Логистика: 2030-жылга чейин транспорттук-логистикалык хабды түзүү, анын ичинде АӨБ колдоосу менен Улуттук электрондук логистикалык платформаны түзүү талкууланды.
• Агроөнөр жай комплекси: Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын глобалдык “AgriConnect” демилгесине кошулушуна кызыгуу билдирилди.
Ошондой эле АКШнын ЭКСИМ банкынын жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги биринчи жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө экономиканын реалдуу секторундагы инвестициялык долбоорлорду түз насыялоонун перспективалары белгиленди.
Сапардын дагы бир олуттуу бөлүгү АКШнын технологиялык секторунун лидерлери (Meta, SpaceX, NVIDIA, ORACLE) менен жолугушууларга арналды.
• Meta Platforms: Тараптар маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, расмий мамлекеттик ресурстарды тастыктоо жана инклюзивдик инструменттерди (AI/AR) ишке ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.
• SpaceX: Кыргыз Республикасында Starlink спутниктик интернет пилоттук долбоорун ишке киргизүүнүн акыркы этаптары талкууланды. Учурда старт берүү үчүн бардык зарыл болгон уруксат берүү процедуралары аяктады.
• Маалымат инфраструктурасы: Жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттик башкарууда заманбап булут чечимдерин ишке ашыруу NVIDIA жана ORACLE менен талкууланды.
Сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолукту. Кыргыз Республикасынын Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алуу ниети расмий түрдө билдирилди, бул Батыш жарым шардагы өлкөлөр менен байланыштарды чыңдайт. Андан тышкары, Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрүнө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу жиберилди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 18-апрель күнү таң эрте Бишкекке келди.