19

Май

2026

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев "Джунда" ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2026-жылдын 19-майы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун (ЖАК "Чайна Петроль Компани") ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө заводдун учурдагы абалы, анын технологиялык модернизациясынын жүрүшү жана өндүрүштүк циклди кайра баштоо графиги талкууланды. Ишкананын ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктун фонунда "Джунда" МКЗны ишке киргизүү маселеси өтө маанилүү болуп жатканын баса белгиледи. Жолугушуунун алкагында заводду чийки зат менен камсыз кылуу, экологиялык стандарттарды сактоо жана оңдоо иштерин аяктоо маселелери деталдуу каралды.