19

Май

2026

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 19-майы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. 

Отурумда “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралды. 

Бул багытта Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин  баяндамасы угулуп, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынды. 

Кабыл алынган чечимдин негизинде: 

- Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого; 

- Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого; 

- Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого; 

- Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул токтом менен жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери шайкеш келтирилет, айрыкча улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартиби өркүндөтүлөт, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат, мындан тышкары жер участокторун берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт жана электрондук форматтагы кызматтар киргизилет.

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, бул токтом – өзгөчө улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылганын кошумчалады. Маселе актуалдуу болгондуктан Министрлер Кабинетинин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилди. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.