22

Июнь

2026

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 22-июну — Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, эртең 23-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот. Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.