05

Июль

2026

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына жумуш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат.