31
Июль
Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Бишкек, Ынтымак Ордо. 2026-жылдын 31 - Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы астында, Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйынга Улуттук кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган балдарды репатриациялоо, балдарды социалдык коштоп жүрүү боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу, балдардын жана жаштардын руханий-адептик тарбиялоо боюнча мамлекеттик саясат, үй-бүлө институтун чыңдоо жана позитивдүү ата-энеликти өнүктүрүү, ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөнү жана балдарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, социалдык колдоо тутумун өнүктүрүүгө, үй-бүлө институтун чыңдоого жана ишке ашырылып жаткан мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.