29
Сентябрь
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртуу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 29-сентябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкердик субъекттерине коюлуучу уруксат берүүчү документтерди жана талаптарды кайра карап чыгуу маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 18-сентябрындагы №618 тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылат. Иштин негизги принциби – белгиленген талаптын же уруксат берүүчү документтин зарылдыгын мамлекеттик орган негиздеп бериши керек, ал эми ишкер анын ашыкча экенин далилдебеши керек.
Мамлекеттик органдар бизнес-ассоциациялар менен биргеликте колдонуудагы уруксаттарга, маалымкаттарга жана макулдашууларга талдоо жүргүзүп, кайталанган жол-жоболорду аныктап, аларды жоюу боюнча сунуштарды даярдашат.
Жумуштун жыйынтыгында ашыкча талаптарды жокко чыгаруу, уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, маалыматтарды кайрадан талап кылууну алып салуу жана ишкерлерге карата административдик жүктү азайтуу каралган.
Иш Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын, анын ичинде алыскы райондорду жана калктуу конуштарды камтыйт.