02
Октябрь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту
Минск шаары, 2026-жылдын 2-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту.
Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте болду.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого жолдоп, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Беларусь менен түзүлгөн конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарынын жана “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндөгү мындай сүйлөшүүлөр жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.