06

Октябрь

2026

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы мектептердин ачылышында: Биз бүгүн мектепти өзгөртүү менен – Кыргызстандын өзгөрүүсүнө шарт түзүп жатабыз!

Бишкек, 6-октябрь 2026-жыл – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндөгү жалпы билим берүү орто мектебинин жана онлайн 16-мектеп, 3 бала бакчанын ачылышына катышты.


Бүгүн республика боюнча 20 жаңы объект, анын ичинде 17 мектеп жана 3 бала бакча балдарга эшигин ачты. Алар Бишкек, Манас, Ош шаарларында, Ноокен, Тоң, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаары боюнча 10 мектеп пайдаланууга берилүүдө.


«Биз жол курабыз. Ишканаларды ачабыз. Ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Экономиканы өстүрөбүз. Бюджетти көбөйтөбүз. Бирок мунун баарын эртең ким улантат? Бүгүн ушул мектептердин партасында отурган балдарыбыз улантат! », – деген Адылбек Касымалиев мектепке жумшалган ар бир сом – Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция экенин белгилеп,   Президенттин демилгеси менен акыркы жылдары билим берүүгө өзгөчө басым жасалып, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылганын, окуу китептеринин маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнүп, окуу китептеринин мазмуну өзгөрүп, күчөтүлүп жатканына токтолду. 


Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын белгилеп, бүгүн биринчи класска кирген бала 12 жылдан кийин мектепти аяктай турганын, ошондо 2038-жыл болорун айтып, балдарды 2038-жылдагы дүйнөгө ишенимдүү даярдоо зарылдыгын баса белгиледи. «Биз бүгүн мектепти өзгөртүү менен – 12 жылдан кийинки Кыргызстандын өзгөрүүсүнө шарт түзүп жатабыз», – деди ал.


Сөзүнүн аягында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев мектеп окуучуларына кайрылып, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско чыгарылганын, бир кезде алыстай сезилген космос бүгүн бизге жакындаганын айтып,  “Бүгүн Кыргызстандын спутниги космоско чыкса, эртең Кыргызстандын уул-кыздары космоско учушу керек! Мугалим билим берет. Бирок силердин ордуңарга эч ким окуп бере албайт!”-деп белгилеп, балдарды талыкпастан билим алууга үндөдү.