10

Октябрь

2026

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Чек ара кызматынын жамаатына жаңы жетекчи Данияр Сатимовду тааныштырды

Бишкек, 2026-жылдын 10-октябры — Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамына жаңы төрага Данияр Сатимовду тааныштырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб башчысы ведомствонун алдыдагы мезгилге карата ишинин негизги багыттарын белгилеп, башкы артыкчылыктардын катарында мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууну бөлүп көрсөттү.


Соңунда Адылбек Касымалиев Данияр Сатимовго жана чек ара ведомствосунун бардык өздүк курамына мамлекеттик милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.