13
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолукту
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 13-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууга байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди, анын ичинде бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын ишке ашырууну, процесстерди санариптештирүүнү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоону жана кадрларды даярдоону талкуулашты.
Анда Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы маектешинин бул сапарына өзгөчө маани берерин жана Дүйнөлүк бажы уюму менен конструктивдүү диалогду мындан ары чыңдоого болгон бекем кызыгуусун ырастаарын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан бери толук кандуу мүчө экенин жана ушул убакыт аралыгында уюм эл аралык стандарттарды жайылтууда жана улуттук бажы кызматынын кесиптик дараметин жогорулатууда алдыңкы ролду ойногонун белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Башкы катчыга Кыргызстандын бажы тармагындагы системалуу реформалар тууралуу маалымат берди. Анда " Смарт Бажы " улуттук санариптик платформасын өнүктүрүүгө, электрондук декларациялоо процесстерин жакшыртууга жана Дүйнөлүк бажы уюмунун эксперттик сунуштарына ылайык иштелип чыккан тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмаларын ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.
Өз кезегинде, Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун учурдагы негизги максаттары менен милдеттерин белгилеп, Кыргыз Республикасындагы реформалардын жыйынтыктарына жогору баа берди.
"Биз Кыргызстандын бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана башкарууну жакшыртуу багытында жетишкен мыкты жыйынтыктарын көрүп турабыз. Дүйнөлүк бажы уюму Кыргызстанды колдоого, ошондой эле башка маанилүү багыттар боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө толугу менен даяр", - белгиледи Ян Сондерс.
Адылбек Касымалиев аткарылып жаткан ишке жогору баа берилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын эшиги жемиштүү кызматташтык жана жаңы биргелешкен демилгелер үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык бажы кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерске Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.