07

Ноябрь

2013

Бул туурасында 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн жыйынында, 2013-2014-жылдардагы кыш мезгилине карата экономиканын жана элдин даярдыгы туурасында маселени талкуулоо учурунда айтты.

Жыйында негизги доклад менен кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев сүйлөдү.

Министр 2013-жылдын 2-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15,92 млрд. м3, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1,596 млрд. м3 ге аз экендигин айтты.

Бул электр энергиясын экспорттоодогу 366 млн. кВт саат менен күтүлгөн көрсөткүч, ал эми, электр энергиясын ички керектөөгө жумшоого сарпталуучу көрсөткүч 17,5 млрд. м3 түзөт.

2013-2014-жылдын күз-кыш мезгилдеринде пайдаланууга керектелүүчү суу 2014-жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычында 9,0 млрд. м3 көлөмдү түзөт, же 2013-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 2,2 млрд. м3 ге аз.

Акыркы маалыматтар боюнча 2013-жылдын 9 айында 9,64 млрд. кВт саат же былтыркы жылга салыштырмалуу  89% электр энергиясы иштелип чыкса, ГЭСтерге 9,01 млрд. кВт саат, ТЭЦтерге 540 млн. кВт саат.

Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмүнүн азайышы аба-ырайынын ыңгайлуу шартына жараша болду жана  суу-энергетикалык ресурстарды сактоо максатында экспорттун көлөмүнүн азайышы менен байланыштуу.

1-октябрга карата Кыргызстанда көмүр менен камсыздоо 808,7 мин тоннаны түзөт, же жылдык көлөмү 40,7 % жана мерчем боюнча 99,2 %. Мазут - 21,7 миң тонна, же 31,3 % жылдык көлөмдө, 69,3 % мерчем боюнча.

Калктын көмүр менен камсыз болушу 496,7 миң тонна. Мерчемделгени 322,3 миң тонна (154,1%).

Министрлик менен мекемелер отун менен камсыз болууда бир аз кечеңдеп жатышат. 1-октябрга карата мерчем боюнча 96,3 миң тонна даярдашы керек болсо, учурда 79,02 миң тонна даярдашкан (82,0%).

Энергокомпаниялар тарабынан белгиленген тапшырма боюнча электр жабдыктарын ондоо иштери жүрүүдө.

Пайдалануучулардын РЭКтерге болгон дебитордук карыздары 1-сентябрга карата 1 191 млн. сом, жыл башынан бери 74 млн. сомго азайган, же 5,9 %.

Ал эми бюджеттик мекемелердин электр энергиясын пайдалануудагы дебитордук карыздары 361,6 млн. сом, республикалык бюджеттен – 112,2 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен – 110,6 млн. сом,  «Кыргызтуракжай коммуналдык союз» боюнча– 138,8 млн. сом.

“Кыргызгаз” ААКтын алдында ири өнөр жай  ишканаларынын карызы: «Кыргызтуракжай коммуналдык союз»— 11,8 млн. сом,  «Бишкекжылуулукэнерго» — 139,2 млн. сом, «Токмок-Жылуулук» — 5,2 млн. сом, АК «КСК» — 1,2 млн. сом жана ЖЧК «Интергласс» — 48,6 млн. сом.

Осмонбек Артыкбаев кыш мезгилинде кезектеп өчүрүү болбой тургандыгын, бирок авариялык өчүрүүлөр болушу ыктымал экендигин айтты. Учурда жаңы электрсчетчиктерин орнотуу, трансформаторлорду жаңылоо, электр өткөргүчтөрдү заманбап алмаштыруу жүрүүдө.

Каралып жаткан маселени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр буларга токтолду: “Жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иш терин жүргүзгүлө, бул жылы электр энергиясын үнөмдөп колдонбосок, оор абалда калабыз. Министрлик тарабынан техникалык жактан иштер жүрүүдө, бирок электр энергиясын жана газды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо эл менен иштебей жатасыздар. Бул аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө да тиешелүү. Электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу керек. Министр кыш мезгили үзгүлтүксүз өтөт деди. Анын ишине кыш чыкканда баа беребиз”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жыйында Өкмөт башчы тиешелүү органдарга каржы маселесиндеги көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү