27
Ноябрь
29-ноябрь – салык жана бажы кызматынын, Социалдык фонд жана Борбордук казналык кызматкерлери үчүн иш күнү болуп саналат
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Чечим Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынган.
Буга байланыштуу КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казналыгынын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 29-ноябрын иш күнү катары белгиленип, анын компенсациясы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине ылайык төлөнөт.
Буга катар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казналыгынын банк-агенттерине 2014-жылдын 29-ноябрын иш күнү катары жарыялоо сунушталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү