02
Октябрь
Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев «Ала-Тоо» жаңы конушундагы мектептин курулушун 10-ноябрга карата жыйынтыктоону тапшырды
Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» жаңы конушундагы мектептин курулушун көзөмөлгө алды.
Курулушу обьектисин кыдырып чыгуудан соң Тайырбек Сарпашев Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик директору Таалайбек Нурбашевге курулуш иштеринин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Белгилесек, аталган мектеп 500 окуучулук орунга эсептелген
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаарынын мэриясына 10-ноябрга чейинки мөөнөттө “Ала-Тоо» жаңы конушунун борбордук көчөсүнө асфальт төшөөнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү