25

Июнь

2015

Абдырахман Маматалиев «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун ишин текшерүүгө алды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Нарын облусу боюнча иш сапарынын алкагында КР ИИМ Жол-кайгуул кызматынын «Бишкек-Нарын-Торугарт» жол тилкесиндеги жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин көзөмөлгө алып, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуу шартындагы «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, аталган автожол тилкесиндеги жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу боюнча бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.

Андан соң вице-премьер-министр Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, ЕАЭБ стандарттарына ылайык көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун даярдыгын көзөмөлдөдү.

Белгилесек, өткөрүү пункту чекара, бажы, транспорттук, медициналык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдөөнү ишке ашырат.

Өткөрүү пунктун карап чыгууда Абдырахман Маматалиев жүк ташуучу автоунааларды жана жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча материалдык-техникалык база менен таанышып, Кыргызстан ЕАЭБ кошулуусунда республиканын чекаралары ЕАЭБ тышкы чектери катары кабылданаарын белгиледи.

“Өзгөчө көңүлдү өткөрүү пунктунун инфраструктурасын жакшыртууга буруу зарыл», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр КР Мамлекеттик чекара кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук маминспекциясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык көрктөндүрүү, үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо, ошондой эле көзөмөлдөө-өткөрүү пунктундагы оңдоо иштерине байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлдү.

Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, бардык коюлган маселелер боюнча кеңешме өткөрүлүп, аларды чечүү үчүн бардык күч-аракет жумшалат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү