24
Май
Фархад Бекманбетов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык буйрукка кол койду. Ага ылайык Бекманбетов Фархад Шаршенович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, буга чейин Өкмөттүн жыйынында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчичиси-министр Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын 2016-жылдын жыйынтыгы жана 2017-жылдын 1-кварталына карата аткаруучулук тартиптин абалы боюнча маалымат берген.
Талкуунун жыйынтыгында мамлекеттик кызматты аткаруу тартибиндеги кемчиликтерге жол берилгендиги үчүн, КР Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетовдун ээлеген кызматын кароо чечими кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү