22

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Салык кызматы өз ишин өзгөртүп, жакшырууга багыт алышы керек”

Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өкмөт алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын биринчи жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Коллегиялык жыйында кызматтын жетекчилиги 2015-жылдын алгачкы алты айындагы салык жыйноонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан болжолдонгон 21,5 млрд.сомдун ордуна 22,1 млрд.сом суммасында салыктарды жана төгүмдөрдү жыйнаган же аткаруу  102,5%ды түзүп, 549,5 млн.сомго ашыкча аткарылган. 2014-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда түшүүлөр  3,1 млрд.сомго көбөйүп, өсүү темпи 116,5%ды түздү. Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан Премьер-министр Салык кызматынын аткарган ишине баа берип, айрым кемчиликтерин белгиледи.

Өз сөзүндө Темир Сариев  Кыргызстандык Евразия экономикалык союзуна кошулуу шартында Салык кызматынын мааниси дагы жогорулап, бир катар жаңы  милдеттер кошулганын билдирди. Буга байланыштуу Премьер-министр Салык кызматы өз ишин жакшыртырып, республикалык бюджеттин киреше тармагын толтурууга аракетти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр Баткен району,  Сокулук району,  Жайыл району, Балыкчы шаары, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча салык кызматтары болжолдонгон планды ишке ашырууда өз ишин аткарбаганын билдирип, аталган салыкты камсыздоодо бир катар кемчиликтерди кетиргенин айтып өттү.

“Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык боюнча  жыйноо боюнча салык органдарынын начар иштегендигин белгилейм. Алсак, Өкмөттүн Аппараты тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын башында Бишкек жана Ош шаарларынын киреше потенциалына жана салык салуу базасына талдоо жүргүзгөн. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык боюнча кошумча жана потенциалдуу резервдер 115,0 млн сом суммасында аныкталды”-деди Темир Сариев.

Быйыл кыргыз  өкмөтү республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип, бюджетке кошумча 17,3 миллиард  сом кошконун белгилеген Премьер-министр  буга байланыштуу Салык кызматына ишин эселеп жакшыртышы зарыл экенин билдирди.

“Учурда бир катар жетекчилер акциздик салык азайганы үчүн план аткарылган жок деп актанып жатышат. Бул туура эмес. Салыкты топтоону жакшыртууга потенциал бар. Бирок айрым жетекчилер эч кандай аракет көрбөй жатат. Салык кызматкерлер да, Бажы кызматкерлери да бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө аракет көрүшү керек. Мында жер-жерлерде жаңы ишканаларды ачууга маани берүү зарыл. Буга чейин биз акимдерге ар бир райондо бир жылда чакын жана ири болуп, жалпысынан 50 ишкана ишке кирсин деген тапшырма бергенбиз”-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев Салык кызматында коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү керектигин айтып, кызматтын жетекчиси Замирбек Осмоновго өз ишин жөндөй албаган жетекчилерге карата чара көрүүнү тапшырды.

Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Евразия экономикалык союзуна кошулуу шарттарында кошумча нарк салыгыни жана импортко акцизди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу жана бюджеттин алдын ала болжолдонгон жоготууларын болтурбоо, Социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууга карата функцияларды КР Социалдык фондунан МСКга өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду натыйжалуу жүргүзүү, Контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү тездетүү, Курулуш тармагынын субъекттеринин ишин салыктык контрактка которуу боюнча иштерди активдештирүү;  Мамлекеттик каттоо кызматы менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде автотранспорт каражаттары боюнча маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу жана 4-топтогу мүлккө салыктын өз учурунда түшүүсүн камсыз кылуу, Жеке адамдарды каттоо боюнча функцияларды Улуттук статистика комитетинен Салык кызматына өткөрүү боюнча иш-чараларды тездетүү тапшырмаларын берди.

[su_carousel source="media: 59940,59939,59938,59937,59936" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү