01

Октябрь

2014

2014-жылдын 6-октябры эс алуу күнү катары жарыяланды

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Токтомго ылайык, 2014-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү катары жарыяланган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 2014-жылдын 6-октябрын эс алуу күнү катары эсептөө чечими кабыл алынган.

Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана беш күндүк иш жумалыгы жана эки күндүк эс алуу күнү боюнча графикте иштеген уюм, мекеме жана ишканалар кызматкерлери үчүн жайылтылат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, иш күнү катары эсептелбеген майрам күнү эс алуу күндөрүнө туш келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки күнгө которулат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү