27
Сентябрь
2016-жылы Республикалык бюджеттин кирешеси мамлекеттик түз инвестициялар грантын эсепке алуу менен болжол менен 125 955,8 млн сомду түзөт
2016-жылы Республикалык бюджеттин кирешеси мамлекеттик түз инвестициялар грантын эсепке алуу менен болжол менен 125 955,8 млн сомду түзөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
«Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун негизги көрсөткүчтөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.
«Түз мамлекеттик инвестиция жана гранттарды эсепке алганда 2016-жылы жалпы республикалык киреше 125 955,8 млн сом (27,7% к ВВП) суммасында болжолдонууда, бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 1 556,2 млн сомго көп эсептелет.
2017-2018-жылдары республикалык бюджеттин кирешеси тийиштүү түрдө 126 828,5 млн сомду жана 129 769,1 млн сомду түзөт. Мында 2016-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы чыгаша көлөмү 148 007,7 млн сом көлөмүндө бекитилген (ИДП 32,6%), бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 1 154,3 млн сомго көп.
2017-2018-жылдары республикалык бюджеттин чыгашасы тийиштүү түрдө 150 150,5 млн сом жана 152 114,0 млн сомду түзөт. 2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 22 051,8 млн сомду, же ИДПнын 4,9% түзөт», – деди Финансы министри Адылбек Касымалиев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү