29

Октябрь

2014

А.Маматалиев: «Суу байлыгын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу маселесине олуттуу кароо керек»

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомство аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

Абдырахман Маматалиев белгилегендей, «Кыргызстан, көптөгөн суу ресурстарына ээ болуу менен катар, тилекке каршы, өлкөнүн суу башкаруу жаатындагы мыйзамдары тийиштүү деңгээлде эмес”.

“Мамлекеттик саясаттын милдетин жана келечектүү багыттарын аныктоо максатында суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу тутумун жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгууда. Суу байлыгын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу маселесине олуттуу кароо жана калктын жана агроөнөржай муктаждыктарын канааттандырарлык деңгээлде камсыздоо керек», — деди вице-премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө Комиссия төрагасы маморган жана мекемелердин макулдашылган ишмердүүлүк механизмин иштеп чыгуу максатында комиссия мүчөлөрүнө кыска мөөнөттө суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомство аралык комиссиянын Иш планына киргизүү үчүн өз сунуш-пикирлерин даярдоону тапшырды.

Эскертсек, КР премьер-министринин 2014-жылдын 20-октябрындагы № 441-буйругуна ылайык, суу-энергетикалык маселелер боюнча ведомство аралык комиссия түзүлүп, комиссия тууралуу Жобо бекитилген.

Комиссиянын негизги милдеттери катары маморгандардын чектеш мамлекеттер менен суу-энергетикалык маселелер боюнча ишин координациялоо, чектеш мамлекеттер менен суу-энергетикалык мамилелерди жөнгө салуу, республиканын суу чарба обьектилеринин жана энергетикалык тутумунун иштөө режимин, анын ичинде кургакчылык шартын эске алуу менен, иштеп чыгуу.

Комиссиянын төмөндөгүдөй укуктары бар: бардык министрлик, административдик ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден карала турган маселелерди даярдоо үчүн тийиштүү маалымат жана материалдарды сурап алуусу; өз жыйындарында суу-энергетикалык маселелер боюнча тийиштүү кызматтык жактардын маалыматын угуусу; ошондой эле аталган маселени жөнгө салууга байланыштуу милдеттерди чечүү үчүн адистерди жана окумуштууларды тартуусу каралган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү