24
Март
А.Абдрахманов: Дарыгерлер менен санитардык карантиндик посттордогу кызматкерлерге ишеним артабыз, колдоо көрсөтөбүз
Ыйгарым укуктуу өкүл коронавирус оорусун алдын алуу, ага каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын курамы менен жыйын өттү.
Өкүл Алишер Абдрахманов ооруга каршы аракеттерди күчөтүү, бардык тармактар боюнча муктаждыктар жаралбоосу үчүн, азык түлүк, коопсуздук каражаттары боюнча тартыштыктын алдын алуу үстүндө иш алып барууну тапшырды.
Бул күндөрү оору менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, ак ниети менен күнү түнү эмгектенип жаткан дарыгерлерге алкыш айтабыз. Алардын эмгеги сөзсүз бааланат, биз дарыгерлерге болгон шартты түзүп берүүнүн үстүндө иш алып барабыз деди.
Аны менен бирге санитардык карантиндик посттордун ишин жеке көзөмөлүнө алгандыгын, ал жайларда күчөтүлгөн тартип жана натыйжа болуусун талап кылаарын, ошону менен бирге ишеним артаарын билдирди. Анткени бул илдет менен күрөшүүдө тартип өзгөчө маанилүү деди.
Азыркы тапта облуста 4 негизги,18 ички санитардык карантиндик посттор түзүлүп, аймактагы кыймыл аракет көзөмөлгө алынууда. Ал эми ал жерде иштеп жаткан кызматкерлердин муктаждыктары тийиштүү органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилгенин белгиледи.
Жер жерлерде оорудан коргонуучу каражаттар даярдалып, дарыгерлер менен санитардык карантиндик посттогу кызматкерлерге жеткирилүүдө. Бүгүн 24-мартта Өзбекстандан дарыгерлер үчүн дагы 240 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди.
Облуста дезинфекциялоо жумуштары токтоосуз уланууда. Бүгүнкү күнгө облуста мечит, мектеп, орто жана жогорку окуу жайлар, бала бакча, коомдук тамактануучу жайлар, базар, саламаттыкты сактоо мекемелер, көчөлөр залалсыздандырылууда.
Жарандарга өзгөчө кырдаалдын эрежелери массалык маалымат каражаттары жана үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен эскертилүүдө.
Баткен облусунда коронавируска байланыштуу жаңы учур катталган жок.