03

Июль

2019

Абдыбалы тегин Суеркул финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Абдыбалы тегин Суеркул Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министр Самат Кылжыев тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү