30

Апрель

2015

Абдырахман Маматалиев Финминге үч күндүк мөөнөттө күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паектук каражаттарын төлөө көйгөйүн чечүү боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун киргизүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдырахман Маматалиев күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паектук каражаттарын төлөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана күч ведомство жетекчилеринин катышуусунда өттү. Кеңешмени ачууда вице-премьер-министрдин м.а. белгилегендей, кеңешме жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынуусу тийиш. “Эмне себептен паекторду төлөө маселеси мындай абалга жеткирилген? Тийиштүү мыйзам бар жана биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Бул абалдан чыгуу бардык кызыкдар тараптардын конструктивдүү баарлашуу жолу аркылуу табылышы керек», — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев. Андан соң Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана күч ведомстволорунун маалыматы угулду. Кеңешме жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министрдин м.а. Финминге үч күндүк мөөнөттө күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паектук каражаттарын төлөө көйгөйүн чечүү боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун киргизүү тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү