19

Март

2015

Абдырахман Маматалиев жергиликтүү маанидеги жолдорду жакшыртуу боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыгуу тапшырмасын берди

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Комиссиянын ишин ачууда вице-премьер-министр комиссия мүчөлөрүн кеңешменин күн тартиби менен тааныштырып, комиссиянын коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жакшыртуу үчүн практикалык чаралар планын жана иш-чаралар жыйындысын түзүү зарылдыгы тууралуу сунуштары толук бойдон аткарылбагандыгын белгиледи. “Жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны көбөйүүдө, муну эки жыл жыйынтыгы боюнча маалыматтар тастыктайт. ЖКК жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо менен эмес, жол кырсыгы фактыларын каттоо жана иликтөө менен алектенет, көптөгөн кырсыктар адам өлүмү менен коштолууда. Мындай нерсеге жол берилбеши кажет», — деди вице-премьер-министр. Ошондой эле Абдырахман Маматалиев белгилегендей, жергиликтүү маанидеги жолдорду жакшыртуу боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыгуу зарыл, анткени, жол кырсыгынын жарымы дал ушул жолдордо катталууда. “Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталып, беш адам мерт кеткен кырсык бул фактыны тастыктайт», — деп кошумчалады ал. Андан соң комиссия мүчөлөрү КР ИИМ Жо-кайгуул кызматынын начальниги Сергей Дьяченконун республика аймагында орун алган ири жол кырсыктары боюнча иликтөөлөр жыйынтыгы боюнча маалыматын укту. ЖКК начальниги белгилегендей, комиссиянын келерки жыйынына изилдөөлөрдүн акыркы жыйынтыктары, анын ичинде 2015-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталган жол-кырсыгын иликтөө жыйынтыгы да сунушталат. “Учурда сот-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалган, алардын жыйынтыгы боюнча жол кырсыгынын күнөөкөрү тууралуу чечим чыгарылат», — деп маалымдады ЖКК начальниги.   Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү тараптан 2015-2016-жылдарга карата комиссия ишинин планы бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен талкууланды.

[su_carousel source="media: 51832,51833,51834" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү