29

Январь

2015

Абдырахман Маматалиев: «Милициянын аброюн жогорулатуу үчүн ички иштер орган кызматкерлеринин жаңы образынын түзүлүшү зарыл»

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ички иштер министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясынын ишине катышты. Коллегияда министрликтин 2014-жылга карата иш жыйынтыгы жана 2015-жылга карата пландары тууралуу талкууланды. Вице-премьер-министр белгилегендей, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча белгилүү кадамдар ишке ашырылган. “Сотко чейинки тездетилген өндүрүш киргизилген, жакынкы күндөрдө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердин жыйынтыктоочу баскычы өткөрүлдү. Колдон келишинче аны эртерээк ишке ашырууга киришүү керек», — деп белгиледи вице-премьер-министр, министрдин орун басарынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча баяндамасы менен таанышкан соң. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясый абалдын турукташуус байкалууда, буга митинг, каршылык акциялардын дээрлик эки эсеге (849дан 488 дейре) кыскарышы мисал боло алат. Андан соң вице-премьер-министр ички иштер органдары тараптан толук эмес түрдө аткарылган милдеттерге токтолду, алсак, Абдырахман Маматалиев кылмыштарды ачыктоонун көрсөтмөлүү пайыздык катыштарынын кемчилдигин белгилеп, алар чындыкка дал келбестигин жана республиканын калкы мурдагыдай эле өзүн криминалдык кылмыштуу кол салуудан коопсуз сезбей жаткандыгын айтты. «Сиздер көргөн чараларга карабастан, милициянын аброю мурдагыдай эле төмөнкү деңгээлде калууда», — деди ал. Вице-премьер-министр уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө байланыштуу белгилегендей, милиция эң ириде УКТ лидерлерин жоопко тартуу жана кылмыштуу топторду алсыратуу боюнча чараларды кабыл алуусу керек. Абдырахман Маматалиев чогулгандардын көңүлүн өзгөчө балдарга карата көрсөтүлүп жаткан зомбулук фактыларына бурду. “Балдарды кордоо боюнча фактылардын саны өсүүдө жана ал өзүнүн мыкаачылыгы менен айырмаланууда. Көрсөтүлгөн учурдагы күнөөлүүлөр тийиштүү жаза алышат, бирок мамлекеттин негизги милдети катары мындай кылмыштардын алдын алып, аны болтурбоодо жатат», — деди ал. “Үстүбүздөгү жылы милициянын негизги милдети катары кылмыш жана укук бузуулардын алдын алуусу эсептелет. Бул максатта министрликтин штаттык бирдиктерин жакшыртуу эсебинен жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун жана милициянын участкалык инспекторлорунун санын көбөйтүү керек», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Вице-премьер-министр жол коопсуздугун камсыздоо маселесине тийиштүү калк тарабынан ЖКК кызматкерлерине карата түшкөн бардык арыздар анын жеке көзөмөлүнө алынгандыгын билдирди. “Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн ЖКК РОS-терминалдар менен 100% камсыздалышы тийиш», — деп кошумчалады ал. Сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ИИМ коррупция, трайбализм жана криминал менен тамырлашуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жоюуга жетишээрине ишенимин билдирди. «Өкмөт ички иштер органдарын реформалоого жана ички иштер орган кызматкерлеринин жаңы образын түзүүгө багытталган бардык күч-аракетти колдоого алат», — деп жыйынтыктады ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү