15

Март

2015

Абдырахман Маматалиев: «Кыргыз-түркмөн мамилелери эл аралык кызматташуунун сапаттуу жаңы баскычына чыкты»

Бүгүн, 14-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган делегация Ашхабад шаарында өткөн Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык биринчи комиссиясынын ишине катышты. Комиссия мүчөлөрү менен саламдашууда вице-премьер-министр түркмөн кесиптештерине жылуу кабыл алуусу, көрсөтүлгөн меймандостугу жана Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык биринчи жыйынынын мыкты уюштурулгандыгына ыраазычылык билдирди. “Бүгүнкү күнү биз эки өлкө ортосундагы эки тараптуу өз-ара кызматташуунун маанилүү баскычында турабыз, буга байланыштуу аталган Өкмөт аралык комиссиянын ишине көптөгөн үмүттөрдү артуудабыз», — деп билдирди Абдырахман Маматалиев. Андан соң тараптар өкмөт аралык комиссиянын күн тартибиндеги маселелерди кароого киришти. Белгилесек, күн тартибинде отун-энергетикалык комплекс, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, социалдык өнүктүрүү жана миграция, айыл чарба , транспорт, маданият, маалымат, туризм жана кинематография жаатындагы кызматташуу маселелери каралат. Ошондой эле жолугушуу соңунда Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын экинчи жыйынынын өтчү орду жана убактысы аныкталат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү