25

Март

2015

Абдырахман Маматалиев: «Жергиликтүү аткаруу бийлик органдары өсүп келе жаткан экстремизм коопсуздугуна жетиштүү маани бере албай жатат»

Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Талас облусунда өтүүчү Укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин ишине катышуу үчүн жөнөп кетти. Белгилесек, бүгүнкү күнгө карата Координациялык кеңешмелер Кыргыз Республикасынын беш облусунда жана Бишкек жана Ош шаарларында болуп өткөн. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Нарын облусунда Координациялык кеңешмелердин жыйынтыктоочу баскычы өткөрүлмөкчү. Аймактардагы жана Бишкек жана Ош шаарларындагы Координациялык кеңешмелердин күн тартибинде диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле республикадагы коомдук-саясый абал маселелери талкууланды. Баяндамачыларды угуп жана сунушталган материалдыр менен таанышып чыккан соң, вице-премьер-министр өлкөдөгү кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуулукка, аймактагы баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жүргүзүү абалына токтолду. Ошондой эле вице-премьер-министр үй-бүлөдөгү жана жаш балдарга карата зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик чекара коопсуздугун камсыздоо, мыйзамсыз миграция маселесине басым жасады. “Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлерде катаал мамилеге жана зомбулукка тушуккан балдарды реабилитациялоого, аларга квалификациялуу медициналык жана психологиялык көмөк көрсөтүүнү камсыздоо боюнча тийиштүү шарттарды түзүүсү тийиш», — деди Абдырахман Маматалиев. Андан соң вице-премьер-министр белгилегендей, өткөн жыл үчүн республика боюнча катталган митинг жана жүрүштөрдүн саны эки эсеге кыскарган. Бирок акыркы кездери Талас облусундагы коомдук-саясый абал «Вертекс-Голд», «Алтын-Кумуштак-Майнинг» жана «Жерүй” кендеринин ишине байланыштуу калктын каршылык маанайынын жаралышы менен коштолууда. “Каршылык акцияларынын алдын алууда жергиликтүү калк арасында тоо-кен тармагындагы колдонулчу заманбап технологиялардын, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын аткарылышы , ошондой эле аймакка аталган долбоорлор алып келүүчү пайда тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Күн тартибиндеги негизги маселеге тийиштүү Абдырахман Маматалиев белгилегендей, Талас облусунун аймагында диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү жана аларды колдоочулардын ишмердүүлүгүнүн активдешүүсү байкалууда. “Бул фактылар жергиликтүү аткаруу бийлик органдары тарабынан өсүп келе жаткан экстремизм коркунучуна жетиштүү маани берилбей жаткандыгынан кабар берет. Диний-экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча ЖМК, коомчулукту, менчик түрүнөн көзкарандысыз түрдө уюм-мекемелерди тартуу менен катар тутумдуу иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл», — деди вице-премьер-министр. Ошондой эле ал кошумчалагандай, коомдогу диний-экстремисттик көрүнүштөрдүн жайылуу тенденциясын жана оперативдик абалды терең талдоого алуу керек. “Жашы жете электр жана жаштар арасында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу максатындагы иш-чаралары үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүүсү зарыл», — отметил он. Жыйынтыгында вице-премьер-министр күч түзүм жетекчилерине каралган маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү