04

Март

2015

Абдырахман Маматалиев: «Ош шаардык аэропортунун коопсуздугун камсыздоочу тутумду кайрадан карап чыгып, бүтүн бойдон өзгөртүү керек»

Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ош шардык аэропортунда 2014-жылдын 27-декабрында орун алып, чуу жараткан кылмыш боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме ИИМ, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК коопсуздук жана режим боюнча дирекциясынын жана Ош шаардык аэропортунун жетекчилигинин катышуусунда болуп өттү. Жыйынды ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы кездерде Ош шаардык аэропортунан учуучу жарандардын ири акча каражатын тартып алууга байланыштуу кылмыштар көбөйүүдө. “Коомчулук бул нааданчылык менен коштолгон кылмыштарга кооптонууда. Эмне себептен азыркыга дейре тартип орнотулган эмес жана жарандардын коопсуздугу үчүн кандай чаралар кабыл алынган? Ош шаардык аэропортунун жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу зарыл. Чатак алардын жоопкерсиздик мамилесине байланыштуу орун алган», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев вице-премьер-министрге кылмыш фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө жыйынтыгы боюнча ИИМ бир катар кызматкерлери: КР ИИМ Транспорттогу ички иштер башкармалык начальнигинин орун басары, Ош облусу боюнча Транспорттогу ички иштер бөлүм начальнигинин орун басары ээлеген кызматынан бошотулгандыгы боюнча маалымат берди. Милициянын бир кызматкерине “кызматтык абалына толук жооп бербегендиги” жарыяланып, ал эми беш кызматкерге “катуу сөгүш” берилген. Ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кылмыш иши ачылган. Аталган кылмыш жасоого тийиштүү бир нече жактар каралып, алардан далилзат алынган, алардын ичинде акча каражаттары жана курал-жарактар бар. Калган жактар аныкталууда жана аларды кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.   Абдырахман Маматалиев белгилегендей, өлкөнүн ар-бир жараны кепилденген коопсуздукту сезүүсү тийиш. Бул максатта аэропорттордо бардык тийиштүү шарттар түзүлүүсү керек. Мындай чыр-чатактарга жол бербөө боюнча чаралар жыйындысын кабыл алуу зарыл. Аэропортунун коопсуздугун камсыздоочу тутумду кайрадан карап чыгып, бүтүн бойдон өзгөртүү керек», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев белгилегендей, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК Ош филиалында чуулуу кылмыш орун алганы менен Авиациялык коопсуздук кызматынын бир дагы кызматкери, же кызмат адамдары жоопкерчиликке татылган эмес. Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев тийиштүү түзүмдөргө Ош шаардык аэропортунун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо, ошондой эле аэропорт коопсуздугун камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди. “Бир аз убакыттан соң ИИМ, Транспорт министрлигинин, Өкмөт Аппаратынын кызматкерлеринен турган атайы топ түзүлүп, аталган тапшырмалардын аткарылышын текшерүүгө алат. Тартип орнотулбаган учурда Ош шаардык аэропортунун жетекчилигине карата кылмыш жоопкерчилиги каралат», — деп жыйынтыктады ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү