12
Февраль
2015
Абдырахман Маматалиев: «Өлкөнүн коргонуу өнөр-жай ишканаларын мамлекеттик колдоо менен камсыздоо зарыл»
Кечээ, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Бишкек шаарында жайгашкан коргонуу өнөр-жай ишканаларын кыдырып чыкты.
Алгач Абдырахман Маматалиев “Бишкек машина куруу заводу» ААК иши менен таанышты.
Белгилесек, аталган завод жогорку өндүрүмдүү жабдуулар менен жабдылган тийиштүү инфраструктурага ээ жана аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү мүмкүндүгү бар.
Вице-премьер-министр заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушууда белгилегендей, учурда иштеп жаткан коргонуу өнөр-жай ишканалары өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ.
“СССР кулаган соң, көптөгөн заводдор ар-кыл себептерге байланыштуу өндүрүшүн токтоткон. Ленин заводу катары таанымал болгон “Бишкек машина куруу заводу» учурда өз ишин улантып жаткандыгы кубандырат”, — деди Абдырахман Маматалиев.
“Мыкты уюштурулган менеджердик иштин жана модернизациялоонун натыйжасында завод жакынкы арада негизги өндүрүштү ишке киргизип, өнөктөр менен ишти жайгарып, жогорку деңгээлге чыга алат», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университеттин базасында адистерди даярдоо жана учурдагы заводдун абалын жакшыртуу маселеси талкууланды.
Андан соң вице-премьер-министр «Дастан», улут аралык корпорациясына барды, ал атайы багыттагы суу алдындагы техникалык каражаттарды түзүү жана өндүрүү жаатындагы мыкты заводдордун бири болуп саналат.
«Дастан» ишканасы бардык кыйынчылыктарга карабастан, иштеп жатат, завод аскер-деңиз багытындагы каражаттарды өндүрүп, алар негизинен Россия жана алыскы чет мамлекеттерге сатылат», — деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле учурда заводго тийиштүү болгон көйгөйлөр да белгиленди.
“Советтик мезгилге салыштырмалуу өндүрүш 10 эседен ашуун төмөндөгөн. Мамлекеттик колдо жетишсиз болууда, адистердин жетишсиздиги курч турат, алардын көбү пенсиялык куракта. Бул маселелер чечилген кезде заводдун иши алга кетет», — деди “Дастан» УАК башкармалыгынын төрагсы Юрий Васильев.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Коргоо министрлигине жана Энергетика жана өнөр-жай министрлигине ишкана ишин жакшыртуу жана каражатты тартуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр 1969-жылы электрондук өнөр-жай ишканасы катары негизделген «Айнур» заводуна барды.
Белгилесек, ишканада аскердик багыттагы прибор, түзүлүш жана жабдуулар үчүн тетиктер өндүрүлүп, анын кызматкерлеринин саны 165 адамды түзөт.
Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кошулуусу алкагында завод өндүргөн продукция көбүрөөк суроо-талапка ээ болот.
Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев Бишкекте жайгашкан бардык коргонуу өнөр-жай ишканаларынын көйгөйлөрү окшош, алар мамлекеттик колдоо аркылуу гана чечилет.
“Жабдууларды модернизациялоо, тийиштүү сандагы буйрутмалардын жетишсиздиги, адистердин маселеси – мунун бардыгын чечүүгө болот, анткени заводдор ликвиддүү болуп саналат Биз аларга мурдагы иш режимин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүбүз керек. Аталган объектилерди көзөмөлгө алып, аларга көмөктөшүү зарыл”. – деди вице-премьер-министр.
[su_carousel source="media: 50257,50258,50259" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү