16

Декабрь

2014

Абдырахман Маматалиев: «Коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруунун натыйжалуулугун камсыздаган концептуалдык чечимди иштеп чыгуу зарыл»

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев саламаттык сактоо тутумундагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маселе боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешмесинин ишине катышты.

Координациялык кеңешме Кыргыз Республикасынын генералдык прокурору Аида Салянованын төрагалыгы астында көзкарандысыз эксперттердин жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2014-жылдын 17-июнунда коррупциялык тобокелдик жана схемалардын себеп жана шарттарын жоюу боюнча кадамдык иш-чаралардын планы бекитилген. Белгиленген мөөнөттө министрликте 5 коррупциялык зона жана 34 коррупциялык схема аныкталган», — деп маалымдады чогулгандарга вице-премьер-министр.

Ошондой эле белгиленгендей, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ар-бир мамлекеттик органда атайы антикоррупциялык комиссиялар түзүлгөн жана коррупциянын алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу кызмат киргизилген.

Андан соң, вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астындагы Координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кадамдык иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу иштиктүү жыйын өткөрүлмөкчү.

«Саламаттык сактоо тутумундагы коррупция жарандардын медкызматкерлерге карата ишенимин жоготууда, анткени баштатан эле медициналык кызматкер адам өмүрүн сактап калууда зор салымы бар үмүт отун тутандырган адам катары кабылданат. Бул көрүнүш бизден коррупциялык көрүнүштөргө натыйжалуу каршы турууну камсыздаган концептуалдык чечимди иштеп чыгууну жана саламаттык сактоо тутумундагы мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн себебин жоюуну талап кылууда»,- деди Абдырахман Маматалиев өз сөзүндө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү