04
Февраль
2015
Абдырахман Маматалиев: «Сел коркунучтары башталганга дейре канал куруу ишин жыйынтыктоо керек»
Бүгүн, 3-февралда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Сейтказы айылындагы селди буруучу каналдын курулушун көзөмөлдөдү.
Жалал-Абад облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын начальниги Сонун Өтөмбаев вице-премьер-министрге аталган каналды куруу иштери 2013-жылдын февралында башталгандыгын маалымдады.
“Бүгүнкү күнгө карата узундугу 1772 метрлик каналды казуу жана бетон орнотуу иштери жыйынтыкталган. Обьектинин башталышынан бери карай 11448,8 миң сомдук иш аткарылган, анын ичинде 2013-жылы – 3211,32 миң сомдук, ал эми 2014-жылы 7937,5 миң сомдук иштер аткарылган. Учурда даярдык иштери жүрүүдө, ишти февралдын орто ченинен баштоо пландаштырылууда”,- деп кошумчалады ал.
Ошондой эле курулушту толук аяктоо үчүн 10 млн сом өлчөмүндөгү кошумча сумма талап кылынат.
Өз кезегинде вице-премьер-министр бул маселени кароо убадасын берип, жаан-чачын башталганга дейре каналды куруу боюнча негизги иштерди жыйынтыктоо тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү