03

Март

2015

Абдырахман Маматалиев: «Бишкек шаардык ички иштер органдары тарабынан кылмыш бетин ачуу иштери жетишсиз аткарылууда. 2014-жылы ар-бир үчүнчү кылмыш ачылбай калган»

Бүгүн, 3-мартта, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусунда Бишкек шаардык укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Координациялык кеңештин жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, Бишкек шаардык укук коргоо органдарынын ишиндеги байкалып жаткан оңдуу динамикага карабастан, белгилүү деңгээлде жетишпестиктер орун алууда. Ал белгилегендей, Бишкек шаардык ички иштер органдары тарабынан кылмыш бетин ачуу иштери жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөн, анткени 2014-жылы дээрлик үчүнчү кылмыштын бети ачылбастан калган. Ошондой эле белгиленгендей, 2014-жылы райондук ички иштер башкармалыктарында начальниктер жана алардын орун басарлары алмаштырылган. Бирок кадрдык чечимдер шаардагы кылмыштуулук абалынын олутту өзгөрүшүнө алып келген эмес. “Мындан ары карай ички иштер органдарынын аймактык жетекчилерине карата жүктөлгөн милдетке шалаакы мамилеси үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга дейре жоопкерчиликтин башка түрүн кароо зарыл», — деп кошумчалады ал. Андан соң вице-премьер-министр укук коргоо орган жетекчилеринин көңүлүн Бишкек шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш абалына бурду. “Шаар жаштары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, анткени “уурулук идеясын” колдоого алган жаштар тобунун түзүлүү фактылары белгиленүүдө. Бул топтор Бишкек шаарынын ар-бир мектебинин аймагында өз активдүүлүгүн көрсөтүүдө», — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев. Балдарга карата катаал мамилеге жана башка үй-бүлөлүк зомбулуктарга тийиштүү вице-премьер-министр билдиргендей, аталган фактыларды жоюу максатында жумуш издеп чет жакка кетип жаткан балалуу жарандар тууралуу маалымат берилишин жеринде камсыздап, мыйзамга ылайык, ата-энелери таштаган балдарды коргоону камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу зарыл. “Ар-бир райондо аялуу катмарга тийиштүү үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүшү кажет. Зомбулук фактылары тууралуу маалымат жергиликтүү ички иштер органдарына тез арада жөнөтүлүшү керек”, — деп кошумчалады ал. Жол коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча Абдырахман Маматалиев билдиргендей, Өкмөт жетекчилигинин дарегине ЖКК кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракетине карата нааразычылыктардын түшүүсү уланууда. “ЖКК тарабынан укук бузуулар уланууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жол кыймылы коопсуздугу боюнча инспекторлордун мыйзамсыз иш-аракеттери көрсөтүлгөн видеоматериалдар коштогон билдирүүлөр үзгүлтүксүз жарыяланууда. Качан натыйжалуу чаралар көрүлөт?» - деген суроо менен кайрылган вице-премьер-министр ИИМ жетекчилигине шаардагы түзүлгөн абалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алууну тапшырды. Жыйынтыгында белгиленгендей, шаар коопсуздукту, укук тартибин, жарандардын эркиндигин камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттердин натыйжалуу аткарылышына муктаж. “Ар-бир квартал жыйынтыгы боюнча сиздердин бул багыттагы ишиңиздердин жыйынтыгы чыгарылып, ар-бир жетекчиге карата жеке баа берилип, аларды кызматтан бошотууга дейре жоопкерчилик каралат», — деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү