01
Ноябрь
Абдырахман Маматалиев: «Ички иштер орган кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлинен коомдун бийликке карата ишеними, ошондой эле өлкөдөгү социалдык жана экономикалык туруктуулук көзкаранды»
Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев кыргыз милициясынын негизделгендигине 90-жыл толгондугуна байланыштуу өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү.
Вице-премьер-министр КР Өкмөтүнүн атынан укук коргоо органынын кызматкерлерин жана ардагерлерин майрамы менен куттуктады.
Ал белгилегендей, ички иштер орган кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлинен коомдун бийликке карата ишеними, ошондой эле өлкөдөгү социалдык жана экономикалык туруктуулук көзкаранды болуп саналат”.
“Белгилей кетчү нерсе, юбилей ИИМ толук кандуу реформалоонун жүрүшүндө белгиленүүдө, ал милицияга карата калктын ишенимин кайтаруу жана анын аброюн жогорулатууга багытталган Тактап айтканда, тездетилген сотко чейинки өндүрүш киргизилип, ал милициянын участкалык инспекторлорунун ролун күчтөндүрүп гана тим болбостон, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын сактоонун бирден-бир элементи болуп калды. Жакын арада өзүнө ички жана тышкы баалоону камтыган баалоонун жаңы талаптары киргизилет. Милиция жана коом ортосундагы мамилелерди өзгөртүү максатында “Ички иштер органдарынын жана жарандык коомдун өз ара аракеттешүүсү жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалган. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жана Кылмыштарды каттоонун электрондук китепчеси киргизиле баштады, — деди А.Маматалиев.
Вице-премьер-министр укук коргоо орган кызматкерлеринин кызматына жогору баа берди. Ошондой эле ал мамлекет тараптан айлык акыны, пенсияларды жогорулатууга жана кызматкерлерди социалдык жактан коргоону күчтөндүрүүгө карата багытталган бир катар чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев кошумчалагандай, “күч түзүм жана укук коргоо орган кызматкерлерине социалдык турак-жай куруу маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган.
Вице-премьер-министр ички иштер орган кызматкерлерине ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштериндеги ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары, кооптуу ишти аркалап жүргөн милиция кызматкерлеринин “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө да ыраазычылык билдирип кетти. Андан соң ал кызматкерлердин жаңы муунун тарбиялоого зор салымын кошуп келе жаткан ардагерлерге да ыраазычылык сөздөрүн илдирди.
Эскертсек, Бишкекте Көк-Жар жаңы конушунда милиция кызматкерлери үчүн турак-жай курула баштаган, анда 180 квартира каралган. Биринчи үйдү 2015-жылдын жай мезгилине аяктоо пландаштырылууда. Жалпысынан тура-жайда 72 эки бөлмөлүү жана 108 бир бөлмөлүү квартира каралган.
Ошондой эле Ош жана Баткен шаарларында укук коргоо орган кызматкерлери үчүн эки көп квартиралуу үйдүн курулушу каралган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү